Бишкекте өткөн Facebook party кечесинде алып баруучулар Чыңгыз Рыскелдиев менен Керемет Сабыржанованы микрофон менен урган активист Илимбек Исраилов кечирим сурады. Кечирим сураганы тартылган видеону ал «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.
Исраилов өзүнүн жоругу туура эмес экенин, ал үчүн өкүнүп жатканын айтып, алып баруучу жигит менен кыздын алдынан өтүп, кечирим сураганын билдирди.
Ошондой эле ал элден да кечирим сурады.
Эскерте кетсек, Илимбек Исраилов Facebook party кечесинде алып баруучулар Чыңгыз Рыскелдиев менен Керемет Сабыржанованы микрофон менен урганы тартылган видео соцтармактарга тарап, коомчулуктун сынына кабылган.
Илимбек Исраилов 2022-жылы октябрда «Азаттык», «Кактус Медиа» жана «Клооп» басылмаларынын жабылуусун талап кылып, митинг өткөргөнү менен белгилүү. Ал турсун Исраилов «Азаттыктын» кеңсесин өрттөйм деп коркутканы бар.
Быйыл апрелде ал милиция тарабынан «бейбаштыкка» шектелип кармалган. Кийинчерээк алар жабырлануучу менен жарашкандыктан, иш токтотулган.
Журналисттерге каршы митингдин уюштуруучусу алып баруучу кызды урду (видео)