Амантур Жамгырчиевдин тергөө менен кызматташууга барганы айтылууда

Амантур Жамгырчиевдин тергөө менен кызматташууга барганы айтылууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы тарапкери Амантур Жамгырчиевдин тергөө менен кызматташууга барганы айтылууда. Жергиликтүү айрым басылмалар анын №1 тергөө абагынан кое берилип, үй камагына чыгарылганын жазышты.

Маалыматты тактоо үчүн Биринчи Май райондук соттуа байланыштык. Райондук соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова, иш жашыруун экенин жүйө келтирип, комментарий берүүдөн баш тартты.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Самат Калыков болсо, Атамбаевдин камактагы  тарапкерлери №1 тергөө абагынан которулганын ырастады.

“Мындан 10 күн мурун тергөөчүлөр Амантур Жамгырчиев менен Кыяз Смайловду Бишкек шаардык убактылуу кармоо жайына чыгарып кетишкен”, — деди ал.

[su_heading size=»20″ align=»left» margin=»30″]Ноябрь айынын соңунда Биринчи май райондук соту Кыяз Смайлов менен Амантур Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, 9-февралга чейин камакта калтырган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Кой-Таш айылында болгон башаландыкка жана «Альфанын» кызматкери Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө байланыштуу 10-августта камакка алынган.[/su_heading]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>