Америкада эки жыл бою балдары өлгөн апасынын сөөгү менен жашашкан

Америкада эки жыл бою балдары өлгөн апасынын сөөгү менен жашашкан

Американын Теннесси штатындагы Нэшвилл шаарынын полициясы аялды үйүнөн көчүрүү үчүн келип, анын сөөгүн табышкан. Бул тууралуу «Daily Mail» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, аялдын балдары эки жыл бою анын чирип жаткан сөөгүнө тийишкен эмес.

Дэвидсон аймагынын полиция кызматкерлери 21-октябрда 56 жаштагы Ларинда Джоллинин сөөгүн керебетиндеги жууркандын арасынан табышкан.  Алар үйгө маркумдун Энтони аттуу бир тууганы менен келишкен, ал кыздарынын биринен анын канча убакыттан бери өлгөнүн сураган. Кийин белгилүү болгондой, америкалык аял 2017-жылдын башында каза болгон.

«Сөөктөн эч нерсе калбай, чирип кеткен», — деп билдирген аялдын биртууганы Энтони.

Джоллинин бойго жеткен 4 баласы тең акыл-эс жагынан жабыркайт (кем акыл).

Энтони карындашына анчалык жакын болбогонун, бирок ага үзгүлтүксүз телефон чалып тургандыгын ырастаган.

«Акыркы жылдары балдары телефонду алып, апасы азыр сүйлөшө албай турганын айтышчу. Карындашым өлөөрүнүн алдында балдарына менин өлгөнүм тууралуу эч кимге кабар бербегиле, телефон чалбагыла жана сөөгүмө тийбегиле, деп айтып кетиптир», — деди ал.

Джоллинин сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн. Анын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз. Полиция анын өлүмү зордук-зомбулук менен болгон деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

Аялдын төрт баласы убактылуу мейманканага жайгаштырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>