Site icon Reporter.kg

Америкада кыргыз желеги желбиреди

Американын Техас штатында өткөн жиу-житсу боюнча «Pan 2021 NO GI»  турниринде кыргызстандык Билимбек Алмаматов жана Тынчтык Мамасадыков ийгилик жаратты.

Мелдеш АКШнын Түндүк Ричлэнд шаарында 15-16-май күндөрү өтүп, Тынчтык Мамасадыков алтын мөөрөй утуп, кыргыз желегин желбиреткен. Ал эми Билимбек Алмаматов болсо күмүш байге уткан.

Тынчтык Мамасадыков 67 кг салмакта Панамериканын 2021-жылкы чемпион атыгып, ага машыктыруучусу Омар Окасио purple belt (көк кур) ыйгарган.

Белгилей кетсек, Билимбек Алмаматов Панамерика оюндарынын 2 жолку чемпиону.

 

Exit mobile version