Site icon Reporter.kg

Англис тили ааламга жол ачты. Мээнеткеч Мээримдин ийгилиги   

Дүйнөдөгү эң алдыңкы 3 жогорку окуу жайынын бирине магистратурага тапшырган кыргызстандык Мээрим Нурланбекова максаттарын кантип ишке ашырганын жана ага эмне түрткү болгону тууралуу ой бөлүштү.

Анын айтымында, ал мектепте окуп жүргөндө Борбор Азиядагы Америкалык Университетке окууга тапшырууну кыялданчу.

Англис тилин үйрөнүү мага көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мен Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептердин биринде эле окугам. 10-класста Борбор Азиядагы Америкалык Университетке тапшырууну каалап, англис тилин үйрөнө баштадым. Алгач биздин айылдагы мугалимден индивидуалдуу сабак ала баштадым. Өз алдынча дагы даярданып, англис тилиндеги аудиолорду угуп, китеп жана журналдарды окуп, тасмаларды көрө баштадым.  Жайында Бишкек шаарына иштөө үчүн барып, иштен тышкары курстарга дагы барып жүрдүм.  Ошондой эле, практика болсун деп айылда гид болуп да иштедим. Жалпысынан айтканда англис тилин колуман келишинче окудум”, — деген Мээрим жетишкендиктерин тизмектеди.

 

Сүрөттөр Мээрим Нурланбекованын Инстаграм баракчасынан алынды

Exit mobile version