Site icon Reporter.kg

Англис тилин үйрөтүшөт. Кыргызстанга америкалык ыктыярчылар келди — видео

Бүгүн, 4-августта билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанга АКШдан Тынчтык корпусу аркылуу 11 директор, 11 мугалим жана 11 ыктыярчы келген.

Министр жолугушууда акыркы 30 жылда 1000ден ашык адам Кыргызстанда Тынчтык корпусунун ыктыярчылары болуп иштегенин айтты.

“Биздин өлкөгө терең ишеним менен келген ыктыярчыларды жаңы багыттагы ишмердүүлүгү менен куттуктайм. Буга чейин өлкөдө иштеген ыктыярчылардын көптөгөн муундары мугалимдерди окутуу менен жаштарды өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырышты. Ошондой эле жүз миңден ашык адамга англис тилин үйрөнүүгө, башкаруучулук жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, жайылтууга жардам беришти”, — деп билдирди Алмазбек Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Кыргызстанда 1992-жылы кол коюлган макулдашуунун негизинде Кыргыз өкмөтү чакыруусу боюнча иштешет. Учурда министрлик жана корпус тарабынан ыктыярчылардын санын көбөйтүү боюнча иштер аткарылууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version