Site icon Reporter.kg

Аномалдуу ысык. Бишкектин көчөлөрүнө суу чачылууда

Бишкекте нормадан ашыкча ысыктан улам көчөлөргө суу чачуу иштери башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул үчүн «Тазалык» ишканасынын сегиз унаасы колдонулууда.

Эскерте кетсек, бүгүн борбор калаада +42 градуска чейин ысык  болот.

Exit mobile version