Түркиянын Анталья шаарында кыргыз маданиятына арналган «Манас» паркынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Парк кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурасына терең урмат көрсөтүү, ошондой эле эки боордош элдин достук байланышын чыңдоо максатында ачылды.
Иш-чарага Анталья провинциясынын губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу, Кепез районунун мэри Месут Кожагөз, Кыргызстандын Анталья шаарындагы башкы консулу Рустам Кошонов, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, мекендештер жана Анталья шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргыз студенттери катышты.
Ачылыш аземинде Балыкчы шаарынын мэри боордош Кепез муниципалитетине кыргыз боз үйүн белекке тапшырды. Бул боз үй кыргыз элинин көчмөн мурасын чагылдырган маданий элемент катары кызмат кылуу үчүн жаңы паркка орнотулат.
Мындан тышкары, парктын аймагына Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтеринин миниатюраларын орнотуу пландалууда.