Антимонополия: Айрым алып-сатарлар азык-түлүктүн баасын атайылап көтөрүп жатышат

Антимонополия: Айрым алып-сатарлар азык-түлүктүн баасын атайылап көтөрүп жатышат

Айрым алып-сатарлар азык-түлүктүн баасын атайылап көтөрүп жатышат. Бул тууралуу брифинг учурунда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, Монополияга каршы бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, башкача айтканда анализ жүргүзүлүүдө.

«Жыйынтыгына таянсак, биз бул жерде тышкы фактордун таасири чоң деп эсептейбиз, азыр рынокто дүйнөлүк тенденция, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана доллардын курсунда тенденция байкалууда. Албетте, азыр азык-түлүк базарындагы баалар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүп жатат, өсүмдүк майына, эт азыктарына, жумуртка жана башкаларга баалардын өсүшү байкалууда», — деп айтты Тайлаков.

Ошондой эле ал өсүмдүк майы Орусиядан жана Казакстандан алынып келинерин, Кыргызстандын кантка болгон жылдык керектөөсү 120 тоннаны түзөрүн, 50% жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эсебинен жабылаарын, калган бөлүгү Орусия, Казакстан жана Беларуссиядан импорттолуп жаткандыгын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>