Борбор калаадагы Мадина базарында 10 тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеме тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аталган жайларда санитардык талаптар бузулганы аныкталган.
«Адистер тарабынан 24 мыйзам бузуучулук боюнча протокол түзүлүп, «Бузуулар жөнүндө» кодекске ылайык жалпы суммасы 277 миң 500 сом болгон 24 айып пул чечими чыгарылды»,- деп айтылат маалыматта.