Антонина Шевченко UFC рейтингинде 14-орунга көтөрүлдү

Антонина Шевченко UFC рейтингинде 14-орунга көтөрүлдү

Антонина Шевченко UFC кыз-келиндердин жеңил салмагы боюнча рейтингинде 14-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг 22-ноябрда АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлүп, кыргызстандык спортчу бразилиялык Ариана Липский менен беттешип, техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен.

Бул жеңиш менен ал 14-орунга көтөрүлүп, Монтана Де Ла Россту артта калтырды.

Антонина Шевченко 1984-жылы 20-ноябрда Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган. Спортчу муай тай жана аралаш мушташ өнөрү боюнча дүйнө чемпиону.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>