Ырчы Анжелика Кайратова Жаңы жылга карата 100 көйнөгүн сатып, кайрымдуулукка жумшайт. Бул тууралуу ал «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.
«100 кече көйнөктөрүмдү 2000 сомдон жогору сатам. Бүгүнкү күндө кыйналып жаткан 200 үй-бүлөгө (тизмеги бар) чогулган каражат таратылат. 13-декабрда келиңиздер, келе албагандар онлайн алса болот», — деп жазган ырчы.