Ырчы Анжеликанын апасы Гүлина Молдалиеванын кечээ, 6-августта туулган күнү өттү. Ырчы апасына өзгөчө белек тартуулап, автоунаа белек кылды.
Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, кызыктуу сүрөттөр менен бөлүштү.
“Таманыңыздан өөп, болгон жакшылыгымды сиз үчүн арнай берем. Дүйнөдөгү эң сулуу, эң бактылуу айымым. Туулган күнүңүз менен куттуктайм», — деген ырчы.