Анжелика: Биздин үнүбүз Сооронбай Жээнбековго жетти

Анжелика: Биздин үнүбүз Сооронбай Жээнбековго жетти

Ырчы Анжелика президентке үнүбүз жетти, анын аркасы менен керектүү дары-дармектер келе баштады деп инстаграм баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

«Ажобузга үнүбүз жетти. Ушул кишинин буйрутмасы менен жеке ишкерлер жети облуска жете тургандай абдан кымбат, өтө керектүү делген дарыларды алып келишти. Биздин таратуучуларыбызга 100 упаковка берди. Таратып баштайбыз. Бул дарылар түгөнсө, кийинки жума мындан эки эсе көп дарылар алып келинет. Ким таппай жаткан болсо келип алып кетиңиздер, бул иш-чаранын башында турган ишкерлерге ыраазычылык айтабыз», — деп билдирүү калтырган ырчы.

Мындан бир нече күн мурун ырчы айым «биздин үнүбүздү угунузчу, дары дармек калбады эми эмне кылабыз», — деп президентке ачык кайрылуу жолдогон эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>