Site icon Reporter.kg

Анжелика: Сооронбай Шарипович элдин үнүн угуңузчу

Ырчы Анжелика Бекболиева инстаграм баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

Ал кайрылуусунда азыр элдин каражаты түгөнүп, дары-дармек жетпей жатканын айтып, элдин үнүн угуусун суранган. 

«Кыргыздын акыркы акчалары түгөнүп баштады. Улуу урматтуу ажообуз Сооронбай Шарипович ыктыярчылардын, элдин үнүн угуңузчу. Мындан ары эмне кылабыз? Эжелер ынтымагына ыраазычылык билдирем. Апалардын песниялары келип баштады. Апаларга бекер дары таратып жатабыз. Бирок ал дагы жетпей баштады», — деп жазган ырчы.

Мындан сырткары Анжелика билдирүүсүнө президенттин инстаграм аккаунтун белгилеген. Ал билдирүүнүн алдында да ондогон башка адамдар президенттин баракчасын белгилешүүдө. Бирок дале президент тараптан кандайдыр бир реакция боло элек.

[su_image_carousel source=»media: 35042,35043,35044,35045″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version