“Анжеликага салыштырбагыла” президенттин басма сөз катчысы гезитти сотко берет

“Анжеликага салыштырбагыла” президенттин басма сөз катчысы гезитти сотко берет

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Ачык саясат» гезитин сокто берет. Бул тууралуу аталган гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова “Фейсбук” баракчасына жазды.

Анын айтымында «Ачык саясат» гезитинин өткөн санында “Галина Байтерек өз милдеттерин так аткара албай жатат, эгер анын ордунда ырчы Анжелика болсо ага караганда жакшы иштемек” маанисинде материал жарыяланган. Буга байланыштуу бамса сөз катчы гезиттин жетекчилигине байланышып, аны ырчыга теңбөөнү жана жазгандарын далилдөөнү талап кылып сокто берерин айткан.

Ошондой эле билдирүүсүнүн аягында Президенттин басма сөз катчысы менен соттошууга даярдыгын кошумчалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>