Site icon Reporter.kg

«Апа, ата, мен сизди жакшы көрөм. Биз өлөбүз», — деп видеокайрылуу кылган жоокер менен журналист маек курду

Январь окуясында Казакстандын социалдык түйүндөрүндө жаш жоокер жакындары менен коштошуп, өлүмдөн корккон видео тараган.

Видеонун автору Адил аттуу жоокер болгон. ek_kz менен болгон маегинде ал абдан корккондугун мойнуна алды.

Адил бала кезинен эле аскер адамы болууну, мекенин коргоону кыялданчу. Март айында анын Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөнүнө туура эки жыл болот. Ал Алматы акимчилигинин имаратын коргой баштаганда видеосун тарткан. Азыр жоокер кызматын улантууда.

«Мен муну жашырбайм — бул абдан коркунучтуу болду. Командирлерибиздин чебер аракеттеринин аркасында аман калганбыз. Биз үчүн кабатыр болгон звено жетекчилерине жана бардык казакстандыктарга ыраазычылык билдиргим келет. Бизде баары жакшы. Өлкөбүздө тынчтык, эл бактылуу жашашын каалайм. Тополоң аяктагандан кийин мен биринчи кезекте апама телефон чалып, аны ынандырдым», — деди ал.

Жоокер ошондой эле карапайым тургундардын жардамын белгиледи — шаардыктар көптөгөн жоокерлер менен полиция кызматкерлерин кол салуудан сактап калышты.

Exit mobile version