Апасы суукта 8 жаштагы кызын жылаңач кууп чыккан. Кыздын кошунасы үй-бүлө жөнүндө айтып берди

Апасы суукта 8 жаштагы кызын жылаңач кууп чыккан. Кыздын кошунасы үй-бүлө жөнүндө айтып берди

Нур-Султанда 8 жаштагы кыз ич кийимчен кардын үстүндө ыйлап отурган видео социалдык тармактарда тараган. Видеонун автору апасы кызы тил албаганы үчүн ушундай жазалоону чечкен. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.

Нур-Султан РИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 23-декабрда аларга борбор калаанын тургунунан 6 жаштагы уулун кошунасы сабап жаткандыгы жана 8 жаштагы кызды көчөгө чыгарып жибергендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери балдарын токмокко алган 35 жаштагы аял экенин аныкташты, ал мындай ыкма менен балдарды жазалагысы келгенин, анткени балдары  уруксаты жок, кошунасынан кийим кыпчыткычтарын алып жүргөнүн айткан. Бул үй-бүлө Нур-Султан ДПнин ювеналдык полициясында каттоодо турган. Учурда бул иш боюнча бардык жагдайларды ИИМдин кызматкерлери ар тараптуу иликтеп жатканын белгиледи.

Казакстандык журналист Динара Сатжан аталган окуя тууралуу видеону жарыялаган автор менен маек кылган. Ал кыз журналистке буларды айткан «бул үй-бүлөнүн эки бөлмө үйү бар, балдар кошунасынын кийим кыпчыткычтарын уруксааты жок алганы үчүн апасы балдарын ушундай жазалаган. Жазаланган кыздын алты жаштагы иниси бар, ал дагы апасынан токмок жеген. Негизи бул үй-бүлөдө төрт бала бар. Бул ишти жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясы карайт. Эртең менен эрте билим берүү бөлүмүнөн, ювеналдык полиция бөлүмүнөн келишкен. Иш Шолпан Кадырованын көзөмөлүндө. Мен эч кимди соттогум келбейт. Мен балдардын энесин түшүнгүм келет. Мүмкүн ал өзү ошондой тарбияланган жана ал башка ыкмаларды билбейт. Мен балдарды ата-энесинен тартып алышын каалабайм. Балдарга камкордук жана жылуулук керек. Алар ата-энелерин жакшы көрүшөт. Баардыгы анчалык деле жаман эмес», — деп жазган Динара Сатжан.

Журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Аида кыз түнү бою коридордогу килемде түнөп калган окуя бул үй-бүлөдөгү биринчи окуя эмес деп түшүндүрдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>