Apple башаламандык учурунда тонолгон телефондорду блоктойт

Apple башаламандык учурунда тонолгон телефондорду блоктойт

Apple компаниясы АКШда болуп жаткан толкундоолор учурунда дүкөндөрдөн тонолуп, уурдалган смартфондорду көзөмөлгө алып, алардын иштөө системасын блокко түшүрүп жаткандыгын CNN телеканалы маалымдады.

Телеканалдын маалыматында айтылгандай, Apple компаниясынан уурдалган телефондорго келген билдирүүлөрдүн скриншоттору ушул жуманын башында социалдык тармактарга жана ар кандай сайттарга жарыялана баштаган. Анда компания телефонго «ээлик» кылуучуга смартфон кулпулангандыгын жана көзөмөлдө экендигин кабарлап, аны көрсөтүлгөн дарекке же дүкөнгө кайтарып берүүсүн талап кылган.

АКШда фирмалык магазиндер коронавирустан пандемиясынан кийин жаңы ачыла баштаган. Нью-Йорк, Филадельфия жана Вашингтон сыяктуу ири шаарлардагы дүкөндөрдүн айрымдары башаламаныдык учурунда тоноочулукка кабылган болчу.

Белгилей кетсек, 25-май күнү АКШда полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин рассалык теңсиздикке каршы толкундоолор токтой элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>