Apple бүктөлмө iPhone, iPhone 18 жана жаңы Watch сааттарын сунуштады — бет ачардын негизги жаңылыктары

2026-жылдын 9-сентябрында Apple жыл сайын өтүүчү бет ачарын өткөрдү. Он жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу иш-чараны Тим Кук эмес, компаниянын жаңы башкы директору (CEO) Жон Тернус алып барды. Кук иш-чаранын башында бир аз убакытка чыгып, сахнаны өзүнүн мураскерине өткөрүп берди. Компания флагмандык смартфондордон баштап, алгачкы бүктөлмө iPhone’го чейинки бир нече жаңы продуктуларын көрсөттү.
iPhone 18 Pro жана Pro Max: өзгөрүлмө диафрагма жана A20 Pro чиби
Линейканын негизги смартфондору iPhone 18 Pro жана Pro Max болду. Негизги басым — камераларга, өндүрүмдүүлүккө жана жасалма интеллектке жасалган.

Негизги жаңылык — алты желекчеден турган өзгөрүлмө диафрагмалуу 48 мегапикселдүү Fusion камерасы. Караңгыда ал автоматтык түрдө кеңири ачылып, 50%га көбүрөөк жарык өткөрөт. Ак түстүн балансын, кармоо убактысын (выдержка) жана диафрагманы кол менен тууралоочу Pro Controls режими пайда болду. Жасалма интеллекттик фокустоо объект кадрдан убактылуу чыгып кетсе дагы аны кармап турат. Таймлапстар үчүн — Dolby Vision HDR менен 4K форматында жаздыруу кошулган, ал эми жай тартуу (slow-motion) эми тартылып бүткөн видеого да колдонулат.
Dynamic Island болжол менен 20%га кичирейди, анын айланасында бир эле учурда үчкө чейин виджет чагылдырылышы мүмкүн.

Ичинде — 2 нанометрдик техпроцесске негизделген жаңы A20 Pro чиби орнотулган: алты процессордук ядро, жети графикалык жана 32 Neural Engine ядросу бар. Графикалык өндүрүмдүүлүктүн өсүшү 40%га чейин жеткен. Муздатуу системасы толугу менен жаңыланган: буулануу камерасы iPhone 17 Pro’го караганда үч эсе чоң.
Автономдуулугу: iPhone 18 Pro видео көрүү режиминде 36 саатка чейин, Pro Max — 45 саатка чейин жетет. Тез кубаттоо аркылуу болжол менен 15 мүнөттө 50%га чейин кубатталат.
Түстөрү: кара, күмүш сымал, жаңы көгүлтүр Glacier жана кочкул кызыл (бордовый). Алдын ала буюртмалар — 12-сентябрдан, сатуулар — 18-сентябрдан башталат.
Баалары:
• iPhone 18 Pro (256 ГБ) — $1 199 баштап (~104 850 сом)
• iPhone 18 Pro Max (256 ГБ) — $1 299 баштап (~113 600 сом)
iPhone Duo: компаниянын тарыхындагы биринчи бүктөлмө iPhone
Бет ачардын башкы интригасы — эки экрандуу бүктөлмө iPhone Duo болду. Ачылган абалында — 7,6 дюймдук Super Retina XDR, сыртында — 5,4 дюймдук дисплей жайгашкан. Ички экраны iPhone 18 Pro Max’тан 50%га чоң.

Корпусу — титан, экрандары Ceramic Shield 2 менен корголгон. Көмүртек пластиналары бар көп катмарлуу конструкция дисплейдин тегиз сакталышын камсыздайт. Ачылган түрүндө iPhone Duo — компаниянын тарыхындагы эң жука iPhone болуп саналат.
Смартфон бир эле учурда эки тиркемени иштетүүнү колдойт, StandBy режими аны виджеттери бар стол саатына айлантат. Камерасы — 48 мегапикселдүү Fusion сенсору жана 48 мегапикселдүү ультра кең бурчтуу камера. Алдыңкы жана негизги камералардан бир убакта тартуучу Dual Capture функциясы бар.

Өндүрүмдүүлүк үчүн C2 модеми бар система жооп берет: узак мөөнөттүү жүктөмдөрдө өндүрүмдүүлүк 35%га жогору, модем 50%га чейин ылдамыраак иштейт жана энергияны 15%га аз керектейт. Батареянын иштөө мөөнөтү — ички экранда 31 саатка чейин жана тышкы экранда 44 саатка чейин жетет.
Бир гана eSIM колдонулат, капталдагы баскычында Touch ID бар, IP68 коргоосу жана жыл аягына чейин Apple Pencil колдоосу кошулат. Эки түстө жеткиликтүү: Star White жана Night Sky.
Алдын ала буюртмалар — 16-октябрдан, сатуулар — 23-октябрдан башталат.
Баалары:
• iPhone Duo (256 ГБ) — $1 999 баштап (~174 830 сом)
• Эстутумдун максималдуу көлөмү — 2 ТБ.
AirPods 5: ызы-чууну басуу 50%га жакшыртылды
Жаңы AirPods 5 жакшыртылган активдүү ызы-чууну басуу (ANC) системасына ээ болду — бул көрсөткүч AirPods 4кө караганда 50%га натыйжалуу. Автономдуулугу — ANC режиминде төрт сааттан ашык, кутусу менен 20 саатка чейин жетет. Hey Siri функциясын жана Apple Intelligence аркылуу реалдуу убакытта которууну колдойт.

Сатуулар — 18-сентябрдан башталат.
Баалары:
• AirPods 5 базалык — $129 баштап (~11 280 сом)
• AirPods 5 кеңейтилген функциялары менен — $149 баштап (~13 030 сом)
Apple Watch Series 12 жана Ultra 4: датчиктер жана жасалма интеллект
Сааттын эки жаңы модели тең жаңыртылган датчиктер системасын алды: жүрөктүн кагышы ар бир беш секунд сайын, ал эми жүрөк ритминин өзгөрүлмөлүүлүгү 24 эсеге чейин бат өлчөнөт. Организмдин жүктөмдөргө даярдыгын баалоо, Health Age жана Longevity функциялары кошулду.

Микрофондорго негизделген ЖИ функциялары: саат кооптуулук сигналдарын, эшиктин коңгуроосун жана наристенин ыйын тааный алат. Live Rewind функциясы 15 секундга артка кайтып, айтылган сөздүн текстине көз чаптырууга мүмкүндүк берет, ал эми Siri Recap сүйлөшүүнүн кыскача мазмунун түзүп берет.
Series 12 — Ceramic Shield менен капталган алюминийден жасалган, экраны 60%га бышык. Ultra 4 — чоңойтулган батареяга ээ, кадимки режимде эки күнгө чейин же үнөмдөө режиминде 45 саатка чейин автономдуу иштей алат.
Алдын ала буюртмалар ачылды, сатуулар — 18-сентябрдан башталат.
Баалары:
• Apple Watch Series 12 — $399 баштап (~34 890 сом)
• Apple Watch Ultra 4 — $799 баштап (~69 870 сом)