Site icon Reporter.kg

 Apple ишканасы автоунаа чыгарып баштайт

Apple ишканасы автоунаа чыгарууну көздөөдө. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазып чыкты. 

Басылма өздүк булактарына таянып кабарлагандай Apple ишканасы 2024-жылы инновациялык технологиядагы батарея менен жабдылган жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаа чыгарууну көздөөдө.

Ишкана автоунаа чыгаруу аракетин 2014-жылы эле баштап, Project Titan аттуу долбоордун үстүндө иш жүргүзүп келген.

Аталган долбоор жемиштүү жыйынтыктарды берип, эми Applе автоунаа чыгарууну көздөп турган мезгили.  Бирок ишкана бул багыттагы аракеттери тууралуу коомчулукка ачык пландарын жарыялай элек. 

Маалыматта белгиленгендей Apple ишканасы чыгара турган автоунаалардын негизги өзгөчөлүгү бул андагы батареялардын жаңы муундагы инновациялык технологияда жасалганганы.  Мындай аракет автоунааларга болгон бааларды кескин төмөндөтөт.   

Exit mobile version