Apple мен Google коронавируска байланыштуу жаңы функцияны ишке киргизет

Apple мен Google коронавируска байланыштуу жаңы функцияны ишке киргизет

Apple мен Google компаниялары коронавирус жуктургандарды геолокация менен аңдууга тыюу салып, ооругандардын кайда жүргөнүн аныктаган функциянын үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

Компания өкүлдөрүнүн айтымында, коронавирус жугузгандарды геолокация менен аңдуу телефон ээлеринин укугун бузуу болуп саналат. 

Ал эми Bluetooth аркылуу иштей турган жаңы функция телефон ээлерине коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгонун атайын эскертип турат. Өткөн аптада анын алгачкы нускасы сындоодон өткөн.

Жаңы функциянын үстүнөн иштеп жаткандардын айтымында, бул технология коронавирустун кандай таралып жатканын жана эпидемия очокторун аныктоого жардам берет.

Бейтап коронавирус жуктуруп алганын телефонго өзү белгилөөсү керек. Мындан кийин алардын телефонундагы атайын функия алардын кимдер менен байланышта болгонун аныктап турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>