Site icon Reporter.kg

Апрель айында кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алат

Апрель айында кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-апрелден 9-апрелге чейин (жума, ишемби жана жекшемби) күндөрү эс алуу күндөрү болот.

Эске салсак, 7-апрель — Апрель элдик революция күнү катары Кыргызстанда жумуш эмес күн болуп саналат. Буга байланыштуу 2023-жылдын 7-апрели жума күнү эс алуу күнү болот.

2023-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Тизме

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version