Site icon Reporter.kg

Апрель элдик революциясынын расмий логотиби тандалды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына карата жарыяланган логотиптин эскизин тандап алуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Жеңүүчү болуп, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаевдин эмгеги тандалды.

Тандалып алынган логотип, мындан ары апрель революциясына арналган расмий иш- чараларда колдонулат.

Exit mobile version