Апрель окуясы. Президент жыл өткөн сайын элдик революциянын баасы даана билинип жатканын айтты

Апрель окуясы. Президент жыл өткөн сайын элдик революциянын баасы даана билинип жатканын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Өлкө башчы Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты  болгон бул окуянын саясий жана тарыхый мааниси чоң экенин айтты.

“Жыл өткөн сайын бул элдик революциянын  баасы, калтырган сабагы даана билинип жатат. Адилетсиз бийликке каршы туруп, атылган октон жалтанбаган каармандарыбыз өз өмүрлөрүн Кыргызстандын келечегине арнашты.

Бул күн — биз үчүн ыйык. Шейит кеткендердин умтулган тилектери — алардын бизге калтырган осуяты. Элибиздин азаттык сезимин, эркиндик духун көрсөткөн күн — 7-апрель — жыл сайын салтанатуу белгилене турган дата. Адамзатты каптап келген илдеттин кесепетинен улам, жалпы элдик иш-чаралар өткөрүлбөй калды”, — деди мамлекет башчы.

Жээнбеков апрель революциясы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүгө түркү болгонун айтып, мындан ары да парламенттик демократияны бекемдөөгө убада берди.

“Парламенттик демократияны орнотуш үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз. Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады. Бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган. Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз”, — деп жазылат кайрылууда.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдум өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш.

Мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, анын артында президенттик аппарат турат деген дооматтарды четке каккан.

Эскерте кетсек, быйыл Апрель элдик революциясына 10 жыл толду.  

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>