Апрелде күйүүчү май 9% кымбаттайт

Апрелде күйүүчү май 9% кымбаттайт

Апрель айында күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ассоциациянын божомолуна караганда, бензинге болгон баа 6 пайызга, дизель 9 пайызга чейин өсөт.

Буга себеп катары, мунайга болгон баанын дүйнөлүк рынокто өсүп кетиши, Орусиянын күйүүчү май рыногундагы дүң баалардын өсүшү жана сомдун долларга карата девальвациясын мисал келтиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>