Site icon Reporter.kg

Апрелде өлкөгө АКШдан 5,8 млн, Орусиядан 215 млн доллар которулду

2024-жылдын апрель айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 233,6 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Алардын маалыматында, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн – 216,4 млн. келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 17,2 млн. доллар которулду.

Апрелде Кыргызстандан  34,9 млн. доллар чыгарылды. Анын 29,5 миллион доллары КМШга, 5,5 миллиону алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлдү.

Exit mobile version