Site icon Reporter.kg

Апта ичинде кызматтан кол жуугандар

Ушул жылдын 20-мартынан 26-мартына чейин Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жана кызматтан алынган жетекчилерди тизмектеди.

23-мартта Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалганын президенттин басма сөз кызматы билдирген.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин аталган кызматты Динара Кутманова ээлеп келген. Ал кызматтан алынгандан кийин анын ордуна Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги сунушталып, Жогорку Кеңеш анын министр болушун колдогон. Ал эми Кутманова бул кызматты 2020-жылдын 12-ноябрынан тарта аркалап келген.

23-мартта Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Мындай чечимге Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болгон.

24-мартта Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев мас абалда автоунаа айдаганы үчүн кечирим сурап, өз арызы менен иштен кеткендигин Жогорку соттон билдиришти.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков аталган окуяга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөргөн. Кеңешмеде Жеңишбек Барынбаев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков да соттук процесске катышкан тараптарынын бирине соттун аныктамасын бербегени үчүн өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Бул кеңешмеде мындан сырткары Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираевге карата сот адилеттигин ишке ашырууда одоно мыйзам бузууга жол бергенине байланыштуу тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуштаманы Судьялар кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынган.

25-мартта Бишкек шаарындагы Биринчи май РИИБдин кызматкерлери системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча кармалгандан кийин жетекчилик курам кызматынан бошотулган. Бул окуядан кийин ИИМде ыкчам коллегия өткөрүлүп, кол алдындагы кызматкерлердин коррупциялык көрүнүштөргө жол берилип, пара алуу фактыларынын орун алгандыгына байланыштуу атайын чечимдерди кабыл алынган.

Кызматынан бошотулгандар:

— Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев,

— Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Улан Орозалиев,

— Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Эрмек Момуналиев,

— Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Улан Бектемишов.

Exit mobile version