Site icon Reporter.kg

Арабыздагы жалкоо кадрлардан арылабыз, — Жапаров  

Бүгүн акыркы 6 айдын жыйынтыгын чыгарабыз, деди президент Садыр Жапаров 14-июлда министрлер кабинетинин жыйында.

Анын айтымында, мамлекеттик кызыкчылык бардыгынан бийик турат.

“Аткарылып жаткан иштин – кагаз жүзүндөгү көрсөткүчтө гана «аткарылды» эмес, реалдуу натыйжага ээ болуусу өтө маанилүү. Биз аткарып жаткан иштер Кыргызстандын ар бир жаранына оң таасирин тийгизиши керек. Өткөн жылдын декабрь айында 2021-жылдагы иштерди элге расмий жарыялаганбыз. Бүгүн андан берки 6 айдын жыйынтыгын чыгарабыз. Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк. Шайлоолорду өткөрдүк. Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык. Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептейм. Эми мындан ары — саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар болот”, — деди президент.

Ошондой эле, ал: “Иштин жыйынтыгын чыгарып, иреттеп туруу – бул дагы бир жолу белди бекем бууганга, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат. Мурдагыдай «эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек» деген кадрлар арабызда болбоого тийиш. Азыр уктап жатчу учур эмес”, — деп кошумчалады өлкө башчы.

Exit mobile version