Бүгүн, 4-мартта болжол саат 04:00до Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал — Казарман тилкесинде (247-248-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан таштар кулап, жолду жаап калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Жерине жолчулар барып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Азырынча жол бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери уланууда.