Site icon Reporter.kg

Аралаш никеде төрөлгөн балдар Орусиянын жарандыгын алышат

Аралаш никеде төрөлгөн балдар автоматтык түрдө Орусиянын жарандыгын алышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«Биз аралаш үй -бүлө жашаган жерде, ал автоматтык түрдө Орусиянын жарандыгын алууга милдеттүү экенине ишенебиз», — деди Лавров ТАСС агенттигине шилтеме кылып.

Министр бул демилге мыйзам деңгээлинде ишке ашырыларын кошумчалады.

Учурда аралаш никеде төрөлгөн балдар Россия Федерациясынын аймагында төрөлгөн шартта Орусиянын жарандыгын алышат.

Exit mobile version