Site icon Reporter.kg

Арашанда постто ок аткандардын окуясын милиция териштирип жатат

Аламүдүн районунун Арашан айылындагы постто болгон атышууну милиция териштирип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Түзүмдүн маалыматына ылайык, окуя боюнча Аламүдүн  райондук миилциясына 18-апрель күнү саат 20:47 чамасында маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ, он чакты белгисиз адам саат 14:30 чамасында айылдагы посттон квадрацикл менен өтүүгө аракет кылышканын, ыктыячы кызматчылар аларды посттон өткөрбөй коюшкан соң бир нече жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка качып кетишкенин аныкташкан.

Учурда бул факты бейбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, окуяга тиешеси барларды аныктоо иштери башталган.

 

Exit mobile version