Арашандын тургуну өгөй атасын балталап өлтүрдү

Арашандын тургуну өгөй атасын балталап өлтүрдү

Аламүдүн районунда өгөй атасын өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-октябрь күнү Аламүдүн районунун Арашан айылында 65 жаштагы киши өгөй уулу менен спирт ичимдигин ичип отурган. Ортодо пикир келишпестик жаралып, натыйжада өгөй баласы аны балта менен бир нече жолу чаап жиберген. Алган жаракаттарынан улам 65 жаштагы адам ошол жерде каза болгон.

Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери 30 жаштагы С.К. аттуу шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга жеткиришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталган.

Учурда зарыл болгон тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>