Араванда өз кызын бир жылдан ашык убакыттан бери зордуктап жүргөн адам кармалды

Араванда өз кызын бир жылдан ашык убакыттан бери зордуктап жүргөн адам кармалды

Араван районунда өз кызын 1 жылдан ашык убакыттан бери зордуктап келген адам кармалып, кылмыш иш сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя декабрь айында белгилүү болуп, 1976-жылы туулган шектүү 2 айга камалган.

“Шектүүнүн аялы каза болуп калган экен. Ал 15 жаштагы өз кызын бир жылдан ашык убакыттан бери зордуктап жүргөн. Бул окуя 11-декбарь күнү милицияга катталып, кыздын атасы камакка алынган. Азыр тергөө аяктап, ишти сотко өткөрүү үчүн прокуратурага  жиберилген. Биз кыздын кийинки турмушун эске алып, кылмышты жарыялабай келгенбиз. Бирок маалыматты басылмаларга прокуратура кызматкерлери беришиптир”, — деди Аширбаев.

Turmush басылмасынын маалыматына караганда, кызын апасы 4 жыл мурун каза болгон. Ал чоң энеси, атасынын карындашы, бир туугандары, өз атасы менен чогуу жашачу.

Өспүрүм кыз кесиптик лицейлердин биринде билим алып келген. Бирок декабрь айынан тартып сабакка барбай калган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>