Site icon Reporter.kg

Араванда эгиз кыздарын сабаган аялды энелик укуктан ажыратуу сунушталды

Прокуратура Араванда эгиз кыздарын сабаган аялды энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз жөнөттү. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынан билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга аял киши 2 кичинекей баласын сабап жатканы тартылган видео тараган. Кийин бул окуя боюнча 21 жаштагы С.Д. аттуу келин  кармалды. Ага  Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Кийин эгиз кыздар өз атасына өткөрүлүп берилгени кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version