Site icon Reporter.kg

Араванда почта имараты мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылында жайгашкан почтанын имараты жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, прокуратура баасы 6 млн. сомду түзгөн аталган имарат 12 сотых жер тилкеси менен жеке менчикке мыйзамсыз түрдө бкрилип кеткенин аныктаган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында имарат же тилкеси менен мамлекетке кайтарылган.

Exit mobile version