Араванда унаа сүзүп кеткен кыз оор абалда бейтапканага жеткирилди — видео

Араванда унаа сүзүп кеткен кыз оор абалда бейтапканага жеткирилди — видео

Араван районунда жолдо бара жаткан 26 жаштагы аял кишини сүзүп кеткен жол кырсыгы иликтенүүдө. Бул тууралуу “Репортёрго” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 11:30 чамасында Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын М.Султанов көчөсүндө белгисиз атуул ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаасын карама-каршы жолдо башкарып бара жатып, жолдун четинде токтоп турган Жаңы-Араван айылынын 42-жаштагы тургунуна таандык болгон “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү  автоунаасын сүзгөн.

Натыйжада жолдо бара жаткан жөө жүргүнчү Араван районунун А.Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад айылынын тургуну 26-жаштагы П.к.Ж. автоунаалардын ортосунда калып, денесинен оор жаракат алып, Араван райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар даярдалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>