Ош облусунун Араван районунун Керкидан тилкесине жол курууну Өзбекстан убактылуу токтотту. Бул туурасында Reporter.kg′ге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинине караштуу Чек ары кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, ушул тапта Өзбекстан жол курууну токтоткон. Жергиликтүү бийлик органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ош облусунун Араван районунун Керкидан тилкесинде эки күндөн бери Өзбекстан жол кура баштаганын Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров айтып, Кыргызстан тараптын макулдугу менен гана жол курулушу керектигин билдирген болчу.
Араванда талаштуу чек ара тилкесинде Өзбекстан жол куруп жатат