Site icon Reporter.kg

Аравандагы завод күнүнө 3 миң тоннага чейин цемент чыгарат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Араван районундагы цемент заводуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 2500-3000 тоннаны түзөт, ал толугу менен автоматташтырылган, калдыксыз иштеп, 500дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылат.

2022-жылдын октябрь айында заводдун аймагында акиташ өндүрүүчү цех курулган, учурда анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 300 тоннаны түзөт. Цех 50 адамды иш менен камсыздайт.

Акылбек Жапаров мындай ишканалар облустун гана эмес, жалпы өлкө экономикасынын динамикалуу өнүгүшү үчүн зарыл экендигин белгиледи.

«Продукцияны сатуунун жаңы рынокторун өздөштүрүү үчүн жаңы талаптарды эске алуу менен заводдун технологиялык жабдууларын өркүндөтүү чоң мааниге ээ. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version