Аравандыктар картошка эгүүнү баштады

Аравандыктар картошка эгүүнү баштады

Араван районунда жергиликтүү тургундар картошка эгүүнү баштады. Бул тууралу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда Араван району боюнча 70 сотых жерге картошка отургузулган.

 “28-январь күнү Юсупов айыл аймагынын дыйканы Б.Абдакимов 30 сотых үлүш жерине жана анын тууганы К. Абдакимов 20 сотых жерге  пленка астына эрте бышуучу картошканын үрөнүн отургузушкан. Ушул эле райондун Нурабад айыл өкмөтүндө 30-январь күнү 20 сотых жерге картошка отургузулган. Ошентип Учурда райондо абанын күндүзгү  температурасы +10,0 градус болуп, башка дыйкандар дагы жазгы талаа иштерин баштоого даярдык көрүшүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>