Аравандын акиминен коронавирус табылды. Ал Жээнбековду иш сапарында коштоп жүргөн

Аравандын акиминен коронавирус табылды. Ал Жээнбековду иш сапарында коштоп жүргөн

Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Reporter маалымат агентигине акимияттан тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, ал алгач 13-июнда өзүнөн илдеттин белгилерин байкап, анализ тапшырган.  Жыйынтыгы 18-июнда гана чыгып, коронавирус жуктурганы аныкталган. 

“Ошондой эле акимияттын башка кызматкерлеринен да анализ алынды, алар да учурда коомчулуктан обочо кармалууда”, — деп билдиришти акимияттан. 

Белгилей кетсек, вирус жуктурган Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев 11-июнда аталган аймакка иш сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөн. Ал эми Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы иш сапардан кийин тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын билдирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>