Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Reporter маалымат агентигине акимияттан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ал алгач 13-июнда өзүнөн илдеттин белгилерин байкап, анализ тапшырган. Жыйынтыгы 18-июнда гана чыгып, коронавирус жуктурганы аныкталган.
“Ошондой эле акимияттын башка кызматкерлеринен да анализ алынды, алар да учурда коомчулуктан обочо кармалууда”, — деп билдиришти акимияттан.
Белгилей кетсек, вирус жуктурган Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев 11-июнда аталган аймакка иш сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөн. Ал эми Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы иш сапардан кийин тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын билдирет.