Site icon Reporter.kg

Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу аяктап калды

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Арча-Бешик конушунда бала бакча курулууда.

Мэриядан маалымдашкандай, имарат 2 кабаттуу, жер төлөсү жок. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 8 топ, 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты 1889,3 чарчы метрди түзөт.

Учурда ички жасалгалоо жана айланасын  көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Курулуш иштерин “КББ” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version