Site icon Reporter.kg

Ардактуу донор болгондордун пенсиясына кошуп берилчү төлөм 100 сом бойдон калат

Жогорку Кеңештин тармактык комитети ардактуу донор наамы бар жарандардын пенсиясына кошулуп берилчү төлөмдү көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорун четке какты.

Бул мыйзам долбоорун депутат болуп турганда Нуржигит Кадырбеков демилгелеген.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1554 кишинин «Ардактуу донор» деген төш белгиси бар. Алардын ичинен 810у — пенсионер. Мыйзам боюнча, ардактуу донор болгон жарандардын пенсиясына 100 сом кошулуп берилет.

Кадырбеков Кыргызстанда кан, плазма тапшырган донорлордун саны аз болгондуктан жана жарандарды кан тапшырууга шыктандыруу үчүн ардактуу донор болгон жарандардын пенсиясына кошумча төлөмдү 1000 сом кылууну сунуштаган. Ал үчүн бюджеттен 9 млн 720 миң сом керектелмек.

Нуржигит Кадырбеков демилгелеген мыйзам долбоору бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды. Өкмөт ардактуу донорлордун пенсиясына кошумча төлөмдү 1000 сом кылып көбөйтүүгө акча таап бере албагандыгын айтып, мыйзам долбооруна каршы пикирин билдиргендиктен, комитет аталган документти четке какты.

Мыйзам боюнча, кеминде 30 жолу акысыз же 45 жолу акчага кан тапшырган, болбосо 60 жолу плазма тапшырган жарандарга «Ардактуу донор» төш белгиси берилет.

 

Exit mobile version