Site icon Reporter.kg

Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Аргентинанын футбол боюнча курама командасы Катарда өткөн дүйнө чемпиондугун жеңип алды.

Финалда Франция менен Аргентинанын командалары беттешти. Оюндун негизги бөлүгүндө 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаса, кошумча убакытта командалар дагы бир гол киргизишип, 3:3 эсебинде тең чыгышты.

Мындан улам 11 метрлик пенальтилер белгиленди. Жыйынтыгында 4:2 эсебинде Аргентина курамасы жеңип алып, чемпион аталды.

2018-жыл өткөн дүйнө чемпионатын Франциянын курамасы жеңген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version