Site icon Reporter.kg

Аргентинада көчөдөн далысында бычактан алган жараттары бар ымыркай табылды — сүрөттөр

Аргентинада полиэтилен баштыкка оролгон жаңы төрөлгөн ымыркайды табылган. Ымыркайдын далысында дат баскан бычактын издери болгон. Бул тууралуу Daily Mail маалымдайт.

Наристени тирүү бойдон 31 жаштагы спортзалдын инструктору Диего Себастьян Пенайо тапкан. Ал баланы жакынкы полиция бөлүмүнө алып барган, кийинчерээк ал доктур Фернандо Баррейронун педиатрдык ооруканасына дарылануу үчүн которулган.

Оорукананын дарыгерлеринин айтымында, бала эки күндөн ашпаган, денесинде бир нече ирет бычактан жаракат алган.

Милиция баланын энесин аныктап, камакка алган.

Оорукананын кызматкерлери ымыркайга Эсперанза  деген ысым ыйгарышкан. Бул ысым «үмүт» дегенди билдирет.

[su_image_carousel source=»media: 40420,40421,40422″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Exit mobile version