Site icon Reporter.kg

Аркан менен аскадан секирген киши көз жумду. FlyJump спорт комплексинин ээси кармалды

Аркан менен секирүү учурунда киши каза болгон FlyJump спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6-июль күнү саат 13:30дар чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан Fly Jump спорт комплексинде бийиктиктен секирүү учурунда аркан үзүлүп кеткен. Натыйжада 1985-жылы туулган Б.А., окуя болгон жерден каза болгон.

Бул факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталган.

Топтолгон материалдардын жана маркумдун жакындарынын арызынын негизинде бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Көрүлгөн чаралардын негизинде бул кылмышка шектелип 1996-жылы туулган Н.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version