Site icon Reporter.kg

Арменияда алпаруучу каза болгондордун тизмесин окуп жатып ыйлап жиберди,  — видео  

Армениянын биринчи каналынын алып баруучусу Карабахтагы кагылышууда каза болгон аскер кызматкерлеринин тизмесин окуп жатып ыйлап жиберди. Бул тууралуу “Армения жаңылыктары” басылмасы жазды

Видеодон алпаруучу айымдын каза болгондордун тизмесин окуп жатып, үнү титиреп, ый аралаш сүйлөй баштаганын байкоого болот. Диктордун абалы жакшы эмес экенин байкаган режиссерлор эфирди башка кадр менен жабууга аракет кылган. Бирок алпаруучунун үнү кардыгып, сүйлөй албай аягында кабар окууну таптакыр эле токтоткон. 

Эки өлкө ортосундагы жаңжалдын себеби Тоолуу Карабахтын макамына байланыштуу талаш.  Совет мезгилинде аймак автоном облус саналып, Азербайжан ССРинин курамында болгон.

Карабах жаңжалы 1988-жылы башталып, Тоолуу Карабах автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабахка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабахтагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат.

27-Сентябарда Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан ок атылып, куралдуу жаңжал башталган.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Карабахтагы жаңжалды жөнгө салып, аны Азербайжандын аймагына кайтаруу “тарыхый милдет” деп билдирүү жасады.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян «Азербайжан согуш жарыялады, бирок биз ага даярбыз» деп айтып, муну «өтө масштабдуу чагым» катары баалады.

Жоготуулар тууралуу азыр так маалыматтар жок. Тараптар каршылаштарынын жоготууларын көбөйтүп айтууда.

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасынын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү кечинде маалымат таратып, 84 аскер кызматкери набыт болгонун ырастады. Азербайжандын Коргоо министрлиги жекшембидеги ок атышуулардан карабахтык аскерлердин 550 чамалуусу набыт болду жана жаракат алды деп кабарлаган эле. Армения тарап бул маалыматты четке кагып, Азербайжандын жоготуулары жекшембиде эле 200 кишини түзгөнүн билдирди.

 

 

 

Exit mobile version