Арменияда митингчилер парламент төрагасын сабап салышты

Арменияда митингчилер парламент төрагасын сабап салышты

Премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин токтотуу чечимине каршы чыккандар тарабынан сабалган Армения парламентинин төрагасы Арарат Мирзоянга операция жасалды. Бул тууралуу «Лента.ру» басылмасы билдирет.

Жаңжал Мирзояндын күзөтчүлөрү менен митингчилердин тирешинен башталган. Акыры аны унаадан чыгарып сабап, төрага кансырап, асфальтта жатып калган.

Буга чейин демонстранттар парламенттин имаратын талкалашкан. Алар премьер-министрди издеп, аны мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпташкан. Кийин алардын айрымдары Пашиняндын өкмөттүк дачасына барган.

Көчөгө чыккан эл Орусиянын президенти Владимир Путин, анын азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кол койгон үч тараптуу келишимге нааразы. Документке ылайык, Ереван үч регионду Бакунун көзөмөлүнө өткөрүп, Лачин коридорун артта калтырып, ал жакка орусиялык тынчтык күчтөрү жайгаштырылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>