Армениянын биринчи президенти премьер-министрди тез арада кызматтан кетүүгө чакырды

Армениянын биринчи президенти премьер-министрди тез арада кызматтан кетүүгө чакырды

Армениянын пост-советтик туңгуч президенти болгон, учурда «Армян улуттук конгрессин» жетектеген Левон Тер-Петросян азыркы премьер-министр Никол Пашинянды «улуттук кызыкчыктардын таламында» токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.

Тер-Петросян Пашинян өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек, ага парламент тарабынан «кол тийбестиктин укуктук кепилдиги» берилиши зарыл жана ал өлкөдөн жок дегенде убактылуу чыгып кетиши абзел деди.

Оппозициячыл лидер, мурдагы президент Левон Тер-Петросян. Ереван. 2015-жылдын 1-марты.

Интернеттеги Ilur.am жаңылыктар барагында жарыяланган макаласында 76 жаштагы мурдагы президент Тер-Петросян эгер ушул кадамдар жасала турган болсо, анда кайсы бир бейтарап вице-премьер премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп, кезексиз парламенттик шайлоону уюштурууда бейтараптуулукту сакташы керек деп билдирген.

Армян аскерлери былтыр күзүндө Азербайжанга каршы Тоолуу Карабак үчүн салгылашууда жеңилүү ызасын тарткандан кийин, оппозиция Пашиняндын дароо кызматтан кетишин талап кылууда.

Оппозициялык партиялардын коалициясы Пашинянды бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүгө мажбурлоо максатында Ереванда жана өлкөнүн башка аймактарында өкмөткө каршы ири нааразылык жыйындарды өткөрүп келет.

Пашинян кызматтан кетүүдөн баш тартууда, бирок белгилүү бир шарттарда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону кабыл алууга макул экендигине ишаара кылды.

Тер-Петросян өлкөдө 1991–98-жылдары президент болгон. Демек, анын бийлигинин тушунда армян аскерлери Азербайжандын ичкерисиндеги айрым аймактарга көзөмөл кылып калган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>